24.kg
13:41, 13 декабря 2019, 24.kg

Банк эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууга арыз берилди

Бишкектин Свердлов райондук сотуна үч медиага каршы доо арыз жазган Матраимовдордун жактоочусу жаңы арыз бергени кабарланды.

Маалыматка караганда адвокат «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын жана журналист Али (Мухаммедали) Токтакуновдун эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууга арыз берген.

Тактап айтканда, арыз банк эсептери жөнүндө болуп жатат. Ал эми негизги доо арыз кала бермекчи. Бул арыз бүгүн, 13-декабрда каралышы мүмкүн. Эгерде сот жактоочунун арызын канааттандырса, чечим он күндүн ичинде күчүнө кирет.

Эске салсак, бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана 24.kg маалымат агенттигин сотко бергенин Свердлов райондук сотунан билдиришкен.

Маалыматка караганда, Райымбек Матраимовдун намысын коргоо боюнча доонун суммасын: «Азаттык» 22 миллион, Kloop 12 жарым миллион, 24.kg агенттиги 15 миллион сом төлөп бериши керек.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24.kg шилтеме берип жазып чыккан.

«Азаттык», Kloop жана OCCRP тарабынан иликтенген маалыматты мекемелер аралык тергөө тобу иликтей турганын УКМКдан билдиришкен болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18