24.kg
10:50, 13 декабря 2019, 24.kg

Камчыбек Ташиев: ЖМКнын банктагы эсептеринин камакка алынышы шашылыш чечим

Сөз эркиндиги өзүнчө бир топко гана эмес, баардык коомчулукка керек. Бул тууралуу мурунку депутат Камчыбек Ташиев бир тууган Матраимовдордун 24.kg, Kloop жана «Азаттыкка» карата доо арызы тууралуу пикирин айтып жатып билдирди.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, сөз эркиндиги- жемкорлук жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана мамлекеттик бийликти көзөмөлдөө үчүн негизги курал.

Муну менен катар ЖМК өкүлдөрү дагы өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек дейт мурунку депутат. 

«Матраимовдордун доо арызына байланыштуу айта турган болсом, эгер журналисттер кайсыл бир кишинин жашоосуна терс таасирин тийгизе турган туура эмес маалымат берген болсо, анда адар жооп берүүгө милдеттүү. Бирок, менин жеке пикиримде, банктагы эсептердин камакка алынышы шашылыш чечим деп ойлойм. Алгач соттук угуулар болушу, басылманын күнөөсүн далилдеш керек эле», — дейт Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24.kg шилтеме берип жазып чыккан.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18