24.kg
10:29, 13 декабря 2019, 24.kg

Матраимовдордун доо арызы. Алмамбет Шыкмаматов мыйзамсыз көрүнүш тууралуу

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бир тууган Матраимовдордун 24.kg, Kloop жана «Азаттыкка» карата доо арызы тууралуу өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, басылмалардын банктагы эсептеринин камакка алынышы- бул мыйзамсыз көрүнүш. Ал эми мындай чечим чыгарган судья же мыйзамды билбейт же абийир менен намысын жоготкон.

«Судьялар бул эл аралык укуктардын нормаларына жана Кыргызстандын Баш мыйзамына каршы келе турганын кантип эле түшүнбөй жатышат», — деп таң калды Алмамбет Шыкмаматов.

Депутат медиаресурстардын эсебин камакка алуу менен сот алардын ишмердүүлүгүн факт түрүндө блоктоп салды дейт. Ал каалаган киши өз кызыкчылыгын коргоп, доо арыз менен кайрылса боло турганын айтып, бирок сот алдын ала териштирүү иштерин жүргүзбөй туруп банктагы эсепти эмнеге камакка алганын түшүнбөгөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24.kg шилтеме берип жазып чыккан.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18