24.kg
15:26, 12 декабря 2019, 24.kg

Орусияда аскердик тик учак жарылып, эки кишинин өмүрү кыйылды

12-декабрга караган түнү Орусиянын Краснодар аймагында Ми-28 согуштук тик учак кырсыкка учурап, эки учкуч каза болду. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме кылып билдирди.

«База» жаңылыктар сайтынын маалыматына караганда, кырсыктан авиаполктун полковник наамындагы командири менен подполковник каза болгон.

ТАСС алар тажрыйбалуу учкучтар болгонун жазды. Кырсыкка туман себеп болушу мүмкүндүгү айтылууда. Тик учак учары менен дароо жарылып кеткен. Учурда кырсыктын себептерин аныктоо үчүн аскердик аэродромго атайын комиссия жөнөтүлдү.

Ми-28 — Орусиянын, Ирактын жана Алжирдин куралдуу күчтөрүнө кабыл алынган согуштук тик учак. Экипажы эки адамдан турат — учкуч жана штурман-оператор.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18