24.kg
14:20, 12 декабря 2019, 24.kg

Чек арадан документтери жок ири мүйүздүү малды ташып келе жаткандар кармалды

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жерден бир катар товарларды, ошондой эле ири мүйүздүү малды, жылкыны, азык-түлүктөрдү мыйзамсыз ташып кирүү аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Ак-Тилек авто жолу» контролдук-өткөрмө пунктунан айдоочуларында тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 68 баш ири мүйүздүү мал, ошондой эле 38 жылкыны алып өтүүгө аракет кылган автоунаалар кармалган. Ошол эле контролдук-өткөрмө пунктунда 3 тонна гречка, 8,2 миллион сом суммада 1,2 миң даана аккумулятор алып келе жаткан унаалар кармалды. Айдоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес.

«Чоң-Капка» контролдук-өткөрмө пунктунан да ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кирүү фактылары аныкталган. Анда коштоочу документтери жок 1 миллион сомго 7,5 тонна жарык берүүчү секи, 44,9 тонна цемент алып өтүү аракетине бөгөт коюлган. «Ак Жол» постунан коштоочу документтери жок 15 кап ун жана 3 миң 250 даана пластмасса таңгактар менен унаалар кармалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18