24.kg
11:07, 12 декабря 2019, 24.kg

Абалды курчутпаңыз. Тазабек Икрамов Ирина Карамушкинанын сынына жооп айтты

Депутат Тазабек Икрамов кесиптеши Ирина Карамушкинанын Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу объективдүү эмес жана бир тараптуу болуп калды деген сөзүнө макул эмес.

Айтымында, бийлик өзү окуя боюнча адилет баа берүүгө кызыкдар. Ал мыйзам алдында баары бирдей экенин эскерте кетти.

«Биз Кой-Таш окуясында «Альфанын» кызматкери каза болгонун, Чүй ОИИББнын башчысы оор жаракат алганын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери октон жарадар болгонун эстеп турушубуз керек. Биз баарыбыз комиссиянын чечимин жана бүтүмүн күтүп турдук», — деди Тазабек Икрамов. Ал Ирина Карамушкинага кырдаалды курчутпай, чагымчылдык менен алектенбөөнү суранды.

Буга чейин Ирина Карамушкина Кой-Таш окуясы боюнча иликтөө дагы ЖЭБдегидей эле болот деген болчу.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин премьер-министр Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөн. Анын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18