24.kg
10:40, 12 декабря 2019, 24.kg

Ирина Карамушкина президентти сындай берем деди

Депутат Ирина Карамушкина бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу иш боюнча өкүм маселесин көтөрүп чыкты.

Ал судья Инара Гилязетдинованын чечими жагыныш үчүн болгондугун айтты. Анткени эч кандай пара алуу, жемкорлук боюнча далилдер табылган жок.

«Бул жаңы соттук реформабы? Жагыныш үчүн жаңы жүздөрдү дагы отургузса болот. Кой-Таш окуясы боюнча иликтөө дагы ЖЭБдегидей эле болот деген ишеничтемин. Эмнеге мамлекеттик комиссияны вице-премьер Жеңиш Разаков жетектеди? Ал өзүн жана кол алдындагыларды жазалайбы? Корутундуда баары объективдүү эмес жазылган. Мен мындан ары да президентти сындай берем», — деди депутат Ирина Карамушкина.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин премьер-министр Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөн. Анын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18