24.kg
09:37, 12 декабря 2019, 24.kg

«Кара-Жыгач» калктуу конушунда курулуш компаниясы жолду бузуп салды

Бишкектеги «Кара-Жыгач» калктуу конушунда курулуш компаниясы түтүктөрдү орнотуу үчүн жолду бузуп салды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди. 

Анын айтымында, Субан Ата көчөсүндө компания көп кабаттуу үй курууда. 2-3 ай мурун жумушчулар түтүк орнотобуз деп жолду казышкан, бирок кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн эмес.

«Мурда бул жакта № 179 маршруттук унаа жүрчү, эми көчөнү айланып өтүп калды. Жолдо жүрүү мүмкүн эмес, унаалар араң өтөт. Жолдун жогору жагы асфальт болчу, аны дагы казып салышкан», — дейт окурман.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18