24.kg
16:16, 11 декабря 2019, 24.kg

«Антошка» кафесинин ижарачысы кайрадан камакка алынды

Бишкекте жарылуу болгон «Антошка» кафесинин ижарачысы кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти. 

Маалым болгондой, кырсык болгон күнү кафенин ижарачысы Абдил Карыпбековду убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Бирок, райондук соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган. Прокурорлор баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен кайрылышып, Бишкек шаардык соту аны канааттандырды.

Абдил Карыпбеков кайрадан тергөө абагына киргизилди.

Эске салсак, 8-ноябрда Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварында жайгашкан тез тамактануучу жайда жарылуу болгон. Анда 13 адам ар кандай жаракат алып, кафенин бир кызматкери каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18