24.kg
09:08, 11 декабря 2019, 24.kg

Өзбектанда өлкөгө келген чет өлкөлүктөрдү каттоону жоюу сунушталууда

Жаңы тартип 2020-жылдын 1-июлунан тарта ишке кириши мүмкүн.

«Туризм тармагындагы реформалардын эффективдүүлүгүн арттыруунун кошумча чаралары жөнүндөгү» мыйзам долбоору Мамлекеттик туризм комитети тарабынан иштелип чыккан. 24-декабрга чейин коомдук талкуу болот.

Документке ылайык, чет өлкөлүк же жарандыгы жок кишилерди каттоо виза же визасыз режим мөөнөтүнө чейин жоюлушу мүмкүн. Бирок бул мөөнөт 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.

Мындан тышкары, келерки жылдан тарта гиддер, экскурсоводдор жана инструктор-коштоочулар убактылуу эмгек күбөлүгүн алуу укугуна ээ болушат.

Туристтерге шарт түзүү үчүн эл аралык аэропортторго беш гектерга чейинки жер берилет. Ал жерге авто унаа токтотуучу жайлар, кафе, ресторан, минибанк, мейманканалар салынат.

Мындан тышкары 2020-жылдын 1-июлуна чейин мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде салыксыз соода дүкөндөрү (Duty Free) ачылат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18