24.kg
17:12, 10 декабря 2019, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясына расмий визит менен барат

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясына расмий визит менен барат. Бул тууралуу бүгүн президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Визиттин жыйынтыгы боюнча соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, спорт, билим берүү жана илимий чөйрөлөрдө, ошондой эле социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбековдун Сауд Өнүктүрүү фондусунун директорлор кеңешинин төрагасы Ахмед бин Акил Аль Хатиб, Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М. Х. Хаджар менен соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн жолугушуусу пландалган.

Ошондой эле, мамлекет башчысы Сауд Аравиясындагы Кыргызстандын элчилигинин имаратынын жаңы комплексинин расмий ачылышына катышат жана мекендештер менен жолугушат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18