24.kg
15:01, 10 декабря 2019, 24.kg

Кой-Таш окуясы. Профилдик комитет комиссиянын корутундусун бекитти

7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын кортундусун укук тартиби боюнча парламенттик комитет карап чыкты. Бир дагы суроо бербей депутаттар корутунду менен сунуштарды колдоп беришти. 

Комитет башчысы Наталья Никитенконун айтымында, комиссия мүчөлөрүнүн баардык эскертүүлөрү эске алынды.

Корутундуну күндүн темасына киргизүү үчүн, Жогорку Кеңештин төрагасына жиберишти. Отчет 12-декабрда пленардык отурумда каралмакчы.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин премьер-министр Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөн. Анын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18