24.kg
14:26, 10 декабря 2019, 24.kg

Өзбекстандын жараны Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалды

Өзбекстандын жараны Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ «Манас-аэропорт» көзөмөл өткөрмө жайында Өзбекстандын жараны Кыргызстандын жасалма паспорту (2004-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта) менен кармалды. Ал «Новосибирск — Бишкек» багыты боюнча Кыргызстанга учуп келген.

«22 жаштагы Т.Н. аттуу өзбекстандык жаран 22 жаштагы Х.А. аттуу кыргыз жаранына таандык паспортту көрсөткөн. Документ шек жараткандыктан, атайын текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында документ жасалма экени аныкталды», — деп жазылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18