24.kg
12:11, 10 декабря 2019, 24.kg

Курултайдын катышуучулары Сооронбай Жээнбековдун ишине баа берүү ниетинде

Бишкекте 8-февралда саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайы өтөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматка караганда, курултайга оппозиция өкүлдөрү жана президент Сооронбай Жээнбековду колдогон тарап чакырылды.

«Күндүн темасына бир канча маселе камтылган. Алардын катарында Сооронбай Жээнбековдун ишине баа берүү каралган. Ошондой эле өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин, депутаттык корпустун иштери талкууга алынып, баа берилет. Эгер форумдун катышуучулары начар баа беришсе, парламенттин тарашын талап кылабыз», — деди Айбек Мырза.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18