24.kg
09:16, 10 декабря 2019, 24.kg

Ирина Карамушкина психиатриялык экспертизадан өтүүгө ниеттенип жатат

Ирина Карамушкина психиатриялык экспертизадан өтүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

«Бүгүн жактоочу мага чалып, экспертизадан өтүү керектигин айтты. Бул өзгөчө кооптуу кылмышкерлер үчүн милдеттүү процедура экен. Ал эми «Барымтага алуу» беренеси ошол категорияга кирет. Экспертизадан өтүү үчүн барам, кандай болооруна кызыгып жатам», — деди депутат.

Эске салсак, 12-ноябрда оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу, Жазык-процесттик кодексинин 171-беренесинин (Экспертизаны дайындоонун негиздери) негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Алмазбек Атамбаевге дагы соттук-психиатриялык экспертизаларды дайындоо жөнүндө токтом чыгарылды.

Ошондой эле мурунку президенттин тарапташтары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина соттук-психиатриялык экспертизалардан өтүүгө чакыруу алышты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18