24.kg
17:32, 09 декабря 2019, 24.kg

Дастан Жумабековдун тууганы жаңы кызматка дайындалды

Салмоорбек Жумабеков УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевдин буйругу менен Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматтын биринчи башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Салмоорбек Жумабеков 34 жашта. Ал Орусиядагы Федералдык коопсуздук кызматы академиясын аяктаган. Буга чейин ал УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынын башкармалыктарынын биринде жетекчинин орун басары болуп эмгектенген.

Салмоорбек Жумабеков- Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун бир тууган агасы, профессор Сабырбек Жумабековдун уулу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18