24.kg
16:35, 09 декабря 2019, 24.kg

Жаңы жылдык балаты. Иш-чараны өткөрүүгө 1 миллион 881 миң сом коротулат

Билим берүү жана илим министрлиги президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Жаңы жылдык балаты-2020 иш-чарасын өткөрүү жана уюштуруу боюнча кызматка тендер өткөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.

Пландалган сумма- 1 миллион 881 миң 50 сом. Тендер 3-5-декабрь күндөрү өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чара 24үнөн 27-декабрга чейин уюштурулат.

Жаңы жылдык балатыны уюштурууга 2 компания арыз берген. Жеңүүчү аталган компания Кыргыз улуттук филармониясынын 1-2-кабаттагы холлун, чоң концерттик залын жана балатыны жасалгалайт. Мындан тышкары балдар үчүн жаңы жылдык белектер- жумшак оюнчуктарды алып бериши керек. Ошондой эле сынактарды уюштуруп, балдар үчүн жаңы жылдык оюн-зоок программасын өткөрөт.

Мунун катарында 3D өлчөмүндөгү мультфильм көрсөтүү, сүрөтчүлөрдү жалдоо, автобустарды камдоо, буклет даярдоо сыяктуу тапшырмалар алардын мойнуна жүктөлөт.



Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18