24.kg
16:22, 09 декабря 2019, 24.kg

Кыргызстандан ташылып бара жаткан азыктар Орусияга киргизилген жок

27-ноябрдан 5-декабрга чейин Орусиянын аймагына Кыргызстан менен Казакстандан мыйзамсыз ташылып бара жаткан 68 тоннадан ашуун жүктү алып өтүүгө аракет кылган 6 факты катталган. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКсы жазды.

Маалыматка караганда, фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү маалында Кыргызстандан ташылып бара жаткан алмалар (0,15 тонна), пияздын уругу, күрүч, лимон жана кургатылган жемиштердин (23,9 тонна) сертификаты жок болуп чыкты.

«Күрүчтүн маркировкасы менен документи жок болуп чыкты. Аталган жүктөрдү Орусиянын аймагына киргизүүгө тыюу салынып, күнөөлүүлөр административдик жоопкерчиликке тартылды», — деп айтылат маалыматта.



Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18