24.kg
14:43, 09 декабря 2019, 24.kg

Баткен шаарында мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15 тонна лимон кармалды

Баткен шаарында мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15 тонна лимон кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаран айдап келе жаткан «Шмитц CARGBUL» чиркегичи чиркелген «Вольво FH 24T» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алган.

Унаада коңшу мамлекеттен алынып келе жаткан 14 тонна 764 килограмм лимон болгон. Бирок айдоочу товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документти көрсөтө алган эмес.

Кармалган товардын баасы 1 миллион 107 миң 263 сомду түздү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18