24.kg
11:17, 09 декабря 2019, 24.kg

Быйыл сот системасынын бюджети 35 пайызга көбөйдү

Сот тутумун каржылоонун көлөмү жылдан жылга өсүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргызстандын сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышып жатканда айтты. 

«2018—жылы сот системасына 1,6 миллиард сом, ал эми 2019-жылга 2 миллиард 154 миллион сом бөлүнүп, анын бюджети 35 пайызга көбөйгөн. Соттор керектүү материалдык-техникалык ресурстар, техника менен жетиштүү камсыздалууда», — деди президент.

Ал айрым бир көйгөйлөр бар экенин ортого салды. Айтымында, алар да өз ырааты менен чечилип жатат.

«Эми силерден да ошого жараша кайтарым болуп, өлкөдө адилеттүү, эл ишенген сот системасын орнотуу талап кылынат. Жогоруда айткандай, реформанын ийгилиги каражаттан эмес, техникадан эмес, эң биринчи кезекте, жеке силердин ички абийириңерден, инсандык тазалыгыңардан, адилеттүүлүгүңөрдөн көз каранды. Судьянын дили, дүйнөсү тазаланмайын, сот системасы тазаланбайт. Коом өнүкпөйт», — деди мамлекет башчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18