24.kg
10:20, 09 декабря 2019, 24.kg

Алар космостон келишкен жок. Гүлбара Калиева соттук этика тууралуу

Кыргызстандагы судьялар кесиптик сапатын жакшыртуу үчүн, дайыма окуудан өтүп турушат. Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева журналисттерге билдирди. 

Ал баардык аракеттерге карабай, бийликтин үчүнчү бутагынын өкүлдөрү ката кетирип ала турганын белгиледи. Айтымында, ката кетирбеген адам болбойт.

«Судьялар дагы киши, алар космостон келишкен жок. Алардын дагы туугандары бар. Биз аларга судьялык корпусту үйрөтүп, соттук этиканы карманууга чакырабыз. Анткени судьялар коомчулук арасында башын бийик көтөрүп жүрүшү керек», — деди Гүлбара Калиева.

Өлкөнүн соттук системасы бүгүн 95 жылдыгын белгилеп жатат.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18