24.kg
09:48, 09 декабря 2019, 24.kg

Азимжан Аскаровдун иши. Жактоочу жалгыз үйүн тартып алуу тууралуу

Белгилүү укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча жабыркагандар анын үйүнүн үчтөн эки бөлүгүнө талапкер болууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Валерьян Вахитов билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон райондук сотунун 2017-жылдын 5-сентябрындагы токтому менен Азимжан Аскаровдун үйү камактан чыгарылган. Бирок 2019-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун сот аткаруучусу мүлктү кайра камакка алган. Бишкек шаардык соту кийинчерээк үйдүн үчтөн эки бөлүгүн гана камакта калтырып, калганын конфискациялоо чечимин чыгарган.

Адвокат Азимжан Аскаровдун үй-бүлөсүнүн жалгыз үйүн тартып алуу-мыйзамсыз экенин эскертет. Бул Баш мыйзамга каршы келет.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ал азыр Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы № 19 абакта кармалууда.

30-июлда Чүй облустук сотунун коллегиясы Аскаровду абактан бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты. Соттук процесске Британия, Германия, Швейцариянын элчиликтеринин жана Human Rights Watch эл аралык уюмунун, БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин өкүлдөрү көз салды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18