24.kg
15:44, 06 декабря 2019, 24.kg

Атамбаевдин уулдарына атасы менен жолугушууга уруксат бербей жатышат

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары Кадыр менен Сейит Атамбаевге судья Эмил Кайыпов атасы менен жолугушууга уруксат бербей жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Маалыматты Кадыр менен Сейит Атамбаевдер тастыкташты. Алардын айтымында, уруксат бербөөгө аргументтер жок. Ал эми Раиса Атамбаева өткөн жумада күйөөсү менен жолугушкан. Билдирүүгө ылайык, сотко чейин Кадыр менен Сейит Атамбаевдер атасы менен жолугушуп келген.

Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18