24.kg
15:34, 06 декабря 2019, 24.kg

2020-жылы Олимпиадада алдыңкы орун алгандарга канча сый акы төлөнөөрү айтылды

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрагалыгы алдында Кыргызстандын спортчуларынын 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп жана Паралимпиадалык июндарга катышуусуна даярдык көрүү маселеси боюнча жыйын болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Photo 146733

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Арпачиев Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 жолдомо алууга ниеттенип жатканын белгиледи.

Алар: эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика, бокс, оор атлетика, беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование, жаа атуу жана триатлон.

Ал эми спорттун Паралимпиадалык түрлөрү боюнча кеминде 3 жолдомо утуу мерчемделди.

Арпачиев Кыргызстандын капчыгында Айсулуу Тыныбекова (спорттук күрөш), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Юлия Андреева (жеңил атлетика), Атабек Азизбеков (грек-рим күрөшү) жана Дарья Масловалар (жеңил атлетика) уткан беш жолдомо бар экенин айтты.

Муну менен катар жыйында медаль уткан спортчуларды бир жолку сый акы менен сыйлоо маселеси дагы талкууланды. Анын суммасы 5тен 10 миллион сомго чейин болушу болжолдонууда.

XXXII жайкы Олимп оюндары Токиодо 2020-жылдын 24-июлунан тарта 9-августка чейин өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18