24.kg
14:48, 06 декабря 2019, 24.kg

Сапар Исаков: Матраимовду иштен бошотконум үчүн, президент өч алып жатат

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши каралып жатат. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков акыркы сөзүн сүйлөдү. 

Ал премьер-министрлик кызматтан алынып, андан кийин кармалышы- бул Райымбек Матраимовду иштен бошоткону үчүн президент Сооронбай Жээнбековдун өч алып жатканы деди.

«Мен ушуга барат деп ойлогон эмесмин. Бирок элдин көзү ачылып жатат, буга кубанычтамын. Бул ачуу чындык», — деди айыпталуучу.

Ал Сооронбай Жээнбековдон Райым Матраимов тууралуу сурашканда, мамлекет башчы «Факты бергиле» деп айтканын баса белгиледи.

Бизди фактысы жок эле тергөө абагына камап, ишти ойлоп табуу үчүн 10 ай кармашты.

Сапар Исаков

Мурунку премьер-министрдин айтымында, Сооронбай Жээнбеков оппоненттери менен күрөшүүдө саясий репрессия ыкмасын тандап алды.

Ал бүгүнкү бийлик эки жүздүүлөргө жана саткындарга дем берип жатканын айтты.

«Мен саткан жокмун, ушунума сыймыктанам. Бирок, тилекке каршы мен үчүн башкаларды да отургузушту. Бул иш үчүн мени жалгыз камаган болбойт эле. Түндүктө нааразычылык болбосун деп түштүктөн дагы бир өкмөт башчысын камаш керек болду. Мындан улам Жантөрө Сатыбалдиев дагы отурат», — деди Сапар Исаков.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18