24.kg
14:26, 06 декабря 2019, 24.kg

Кара-Балтадагы батирлердин биринен 2 аялдын сөөгү табылды

Кара-Балта шаарындагы батирлердин биринен 2 аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-декабрда Жайыл РИИБге каза болгон аядар тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу барышкан. Аялдардын денелеринде эч кандай зомбулуктун белгилери табылган жок.

Билдирүүгө ылайык, 71 жаштагы үй ээси жана 40 жаштагы кызы каза болгон.

Алдын ала маалыматка таянсак, аялдардын сөөгүн кошунасы биринчилерден болуп көргөн. Ал байланышка чыкпаган кошуналарына зыяратка келген.

Батирден кат табылган, анда алар өз өмүрүн кыя турганын жана буга эч кимди күнөөлөбөгүлө деп жазышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18