24.kg
09:46, 06 декабря 2019, 24.kg

Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Бүгүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык- Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

8-10-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 8-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

11-12-декабрларда кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18