24.kg
17:06, 05 декабря 2019, 24.kg

Депутат: Жылаңач аялдарды камчы менен коркутпай, ууруларды колго чабыш керек

Жылаңач аялдарды камчы менен коркутпай, жемкорлук жана аткезчилик менен алектенгендерди колго чабыш керек. Мындай сунушту депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

Ал аткезчилик менен алектенгендерди табуу кыйын эмес деди. Айтымында, алар коомдук иш-чараларда жана тойлордо эркин жүрүшөт.

«Аткезчилик менен алектенгендер үчүн биздин өлкөдө жыргал эле. Алар биз менен бирге тойлорго барышат. Өз партияларын куруп, чет өлкөдөн кымбат мүлктөрдү сатып алышат. Биз аларга жооп беришибиз керек, бул кадимки эле уурулар», — деди депутат.

Бирок эл өкүлү алардын ысымдарын атаган жок.

Белгилей кетсек, буга чейин Гапар Айтиев атындагы музейде өткөн феминалеге «Кырк чоро» кыймылынын өкүлдөрү камчылары менен келишкен. Алар жылаңачтанган кыз-келиндерге карата нааразычылыгын билдиришкен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18