24.kg
16:09, 05 декабря 2019, 24.kg

Москвада жарым жыл мурун дайынсыз жоголгон кыргызстандык аялдын сөөгү табылды

Москвада жарым жыл мурун дайынсыз жоголгон кыргызстандык 57 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ноябрдын акырында Кыргызстандын ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 36 жаштагы кыргызстандык аял кайрылып, ушул жылдын апрелинен баштап дайынсыз жоголгон апасын таап берүүгө жардам сураган. Айтымында, өз алдынча издөө иштеринен жыйынтык чыккан эмес.

Милиция дайынсыз жоголгон жаран Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун тургуну экенин аныкташты. Ал дүкөндөрдүн биринде тазалык кызматкери болуп иштеген. Териштирүү маалында 28-мартта Москванын Бирюлево районунда белгисиз аялдын сөөгү табылганы, кийин өлүкканадан алынып мамлекеттин эсебинин көмүлгөнү анык болду. Аялдын денесинде эч кандай зомбулуктун изи табылган эмес.

Жыйынтыгында аялдын туугандарына жүк-200дү жөнөтүү жана эксгумациялоо үчүн керектүү документтер берилди.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18