24.kg
15:53, 05 декабря 2019, 24.kg

Жыл башынан бери уюшкан кылмыштуу тобунун 136 мүчөсү кармалды

Кыргызстан Орусия жана Грузиянын тажрыйбасын колдонуп уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери уюшкан кылмыштуу тобунун 136 мүчөсү кармалган.

«ИИМдин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун 421 мүчөсү турат. Алардын 14үнө издөө жарыяланган», — деди министр.

Эске салсак, ноябрда ИИМ башчысынын орун басары Мирлан Каниметов Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ жок деп айткан.

Ушул жылдын апрелинде Кашкар Жунушалиев кылмыштуу топко тиешеси бар делген атайын тизмеде 1 миң 35 киши катталып турганын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18