24.kg
12:22, 05 декабря 2019, 24.kg

Садыр Жапаровдун тарапташтары тынчтык акциясына чыгышат

Садыр Жапаровдун тарапташтары парламенттин экс-депутатын колдоо үчүн тынчтык акциясына чыгуу ниетин билдиришти. Бул тууралуу алар 24.kg агенттигинде болгон жыйында айтышты.

Тараптар ЖАМК менен президентти мунапыс тууралуу маселени создуктурбоого чакырышты.

Мурунку депутат Каныбек Осмоналиевдин айтымында, Садыр Жапаров дайыма Кумтөр маселесин көтөрүп келген.

«Мурунку бийлик андан коркуп, 11 жарым жылга эркинен ажыратышкан. Президентке суроо: Садыр Жапаровдун өлкө тагдырына кайгырып жатканын билип туруп, эмнеге мунапыс тууралуу маселеси узакка созулууда? Ошол эле убакта мунапыс боюнча кандай адамдар эркиндикке чыгып жатканын көрүп жатабыз. Бирок мекенчил инсанды чыгарбай жатышат», — деди ал.

Буга чейин Садыр Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган. Бирок ырайым кылуу боюнча комиссия анын кайрылуусун ЖАМКка кээ бир документтердин жетишсиздигинен улам кайра жолдошкон.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18