24.kg
10:24, 05 декабря 2019, 24.kg

Жалал-Абадда кемпир сыяктуу кийинип алып, тилемчилик кылып жүргөн кыз кармалды

Жалал-Абадда кемпир сыяктуу кийинип алып, тилемчилик кылып жүргөн кыз кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Жалал-Абадда «Укук жана тартип» аттуу рейд өтүүдө. Милиция жол кесилиштеринде, борбордук базарларда тилемчилик кылган жарандар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Рейд учурунда 24 жаштагы кыз кармалды. Ал кемпир сыяктуу кийинип алып, тилемчилик менен күн өткөрүп жүргөн.

Ошондой эле эжесинин дарылануусуна деген шылтоо менен акча чогултуп жүргөн 46 жаштагы аял кармалды.

Факты каттоого алынып, кармалгандарга айып салышты. Рейд 7-декабрга чейин уланат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18