24.kg
09:37, 05 декабря 2019, 24.kg

Гүлчө айылындагы № 36806 кургактагы аскер бөлүгүнүн жоокери токко урунду

Гүлчө айылындагы № 36806 кургактагы аскер бөлүгүнүн жоокери токко урунду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, жоокердин далысындагы радиостанция жарылып кетип, денесинин 80 пайызы күйүп калды.

«Жабырлануучунун абалы оор деп бааланууда. Ал Ош облустук бириктирилген ооруканада жатат», — деп билдиришти редакцияга.

Мындай окуя алгачкы жолу болуп жаткан жок. 

Эске салсак, жоокер Руслан Сапарбаев токко урунуп, 2 колун кестирүүгө мажбур болгон.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, жабырлануучу кезмет өтөп жатып электрдик подстанциянын аймагына кирген. Тыюу салынган белгиге карабай трансформатордук будкага киргенде, аны ток урган. Анын энеси Венера Сейталиеванын айтымында, уулу эч кандай инструкцияны бузган эмес. Ал аталган аймакта ток бар экенин билген эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18