24.kg
09:29, 05 декабря 2019, 24.kg

Ошто атасы кызына адепсиз жорук көрсөткөн. Ал 7 жылга кесилди

Ош шаардык соту 34 жаштагы З.Р.ны адепсиз жоруктары үчүн күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, З.Р. 12 жаштагы кызды мейманканага алып барып, чечиндирип, арам оюн ишке ашырууну көздөгөн. Бирок ал уктап калган.

«Эртеси шектүү адепсиз жоруктарын улантууну чечкен. Ош шаардык соту аны 7 жылга эркинен ажыратты. Мындай өкүмгө макул болбогон анын жактоочусу жогору инстанцияга кайра арызданган. Юристтер шектүүнүн мурунку аялы каралап жатат дешүүдө. Ошол күнү ал мурунку аялы менен уруша кетип, кызын жанына алып кеткен. Бирок эч кандай адепсиз жоруктарды жасаган эмес », — деп айтылат өкүмдө.

Экинчи инстанция шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18