24.kg
09:10, 05 декабря 2019, 24.kg

Бир тараптуу жасалган. ЭлТР «Азаттык» радиосунун иликтөөсүн эфирге чыгарган жок

ЭлТР телеканалы «Азаттык» радиосунун «Көмүскө акча ташыгандар кербени» аттуу жаңы иликтөөсүн эфирге чыгаруудан 4-декабрда баш тартты.

Телеканалдын жетекчиси Айбек Мусаевдин айтымында, бүт баары расмий, бир тараптуу жасалган.

«Монолог. Алып баруучунун гана монологу. Азыр тергөө жүрүп жатат, ошондуктан биз муну бере албайбыз. Бул менин жеке пикирим. Бизде жамааттык форма бар. Ошол карап, бир тараптуу деп тапты», — деген ал.

«Азаттык» 29 мүнөт 53 секундалык иликтөөнү телеканалга 4-декабрда 17:54дө жиберген. Эфирге 20:00дө берилмек.

Иликтөөдө жылдар бою нак акча ташыгандардын түйүнүн тымызын иштетип келген уйгур тектүү кытай жараны, ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити, 23-октябрда сөөгү «Манас» аэропортунун жанынан табылган таксист Хусан Керимов жана андан бир жума мурун сөөгү Нарын облусунда табылган «Мадина» базарынын соодагери Хуфур Абдурахеман тууралуу да сөз болот.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18