24.kg
11:51, 04 декабря 2019, 24.kg

Жыл башынан бери жол кырсыктарынын саны 8,8 пайызга көбөйдү

Жыл башынан бери жол кырсыгынын саны 8,8 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун саны 6,2 пайыз, жабыркагандардын саны 9,3 пайызга өскөн.

Ыманалы Саркулов мекеме анализ жүргүзгөнүн айтып, өсүүнүн бир канча себебин таап чыкты.

«Январда жаңы мыйзамдардын киргизилиши менен баардык жабырлануучулар каттоого алынган. Буга чейин жеңил жаракат алгандар каттоого алынчу эмес», — деди ал.

Ыманалы Саркуловдун айтымында, эмгек стажы 1 жылга жетпеген айдоочулардын айынан, жыл сайын кырсыктардын саны өсүүдө.

«Демек, өлкөдө айдоочуларды даярдоо керектүү деңгээлде жүрбөй жатат», — деп кошумчалады ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18