24.kg
17:55, 03 декабря 2019, 24.kg

Сузакта 2 жашар кыздын өлүмү боюнча тергөө иши аяктады. Чоң энесине айып тагылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда 2 жашар кыздын өлүмү боюнча тергөө иши аяктады. Иш сотко өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон наристенин чоң энесине «Ден соолукка оор залака келтирүү» беренеси боюнча айып тагылды.

Наристенин өз апасы арыз жазган эмес. Комиссиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, 2 жашар кыз алган жаракатынан улам каза болгон.

Эске салсак, сабалган наристе ооруканага түшкөнү маалымдалган. Дарыгерлер кыздын денесинде көгала тактар бар экенин айтышып, укук коргоо органдарына кабар беришкен. Анын өзүнүн апасы Альбина Орусиядан кызынын абалы оор экенин уккандан кийин мекенине кайтып келген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18