24.kg
17:15, 03 декабря 2019, 24.kg

Жактоочу: Исаков менен Артыкбаев экөөнүн сүйлөшкөнү тууралуу далил жок

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши каралып жатат. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзү уланууда. Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин өкүлдөрүнө сөз берилди.

Жактоочу Нурлан Садыковдун айтымында, Осмонбек Артыкбаевге карата 2 факт боюнча- өкмөттүн карамагына долбоорду киргизүү жана Энергетика министрлигинде жыйын өткөрүү боюнча айып тагылууда.

Юрист сотто мурунку министр менен башка айыпталуучулар ортосунда эч кандай сүйлөшүп алуу болду деген факты далилденбегендигин айтты.

«Артыкбаев Сапар Исаковдун эркин аткара алат беле? Тергөө Сапар Исаков менен Осмонбек Артыкбаев экөөнүн ЖЭБ боюнча сүйлөшкөнү тууралуу бир дагы далил бере алган жок. Алар жолугушкан да эмес, президенттин аппаратынын бир дагы жыйынына мурунку энергетика министри катышкан жок», — деди Нурлан Садыков.

Эске салсак, буга чейин мамлекеттик айыптоочу мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге коюлуп жаткан «Жемкорлук» беренесин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине өзгөртүүнү суранды. Айтымында, анын күнөөсү далилденген жок.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18