24.kg
11:41, 03 декабря 2019, 24.kg

Феминале. Чагымчыл экспонаттардын баары көргөзмөдөн алынып салынды

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бүгүн журналисттерге феминале Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде улана тургандыгын айтты.

Аткаминер чуулгандуу окуяга капа болгонун билдирди. Анын пикиринде, коом экиге -феминалеге каршы жана аларды колдогондорго бөлүнүп калды. Азамат Жаманкулов мында утулган дагы уткандар дагы жок деген ойдо. 

Ал феминалени уюштуруу ишине каршы эместигин айтты.

«Коомчулук музейдеги жылаңач аялдарга каршы чыгып жатат», — деди министр. Ал феминале жабылбай тургандыгын айтты. Учурда чагымчыл экспонаттардын баары көргөзмөдөн алынып салынды.

Азамат Жаманкулов феминисттик иш-чаранын каршылаштарынын кыргыздардын менталитетин эске алуу керек деген пикирине макул.

Белгилей кетсек, Бишкекте 27-ноябрда башталган алгачкы феминале Москвадагы басмаканада 2016-жылы чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналып, аялдарга каршы өкүмзордукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясынын алкагында өткөрүлдү.

Бул иш-чара коомдо кызуу талкууга алынып, бүгүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында митинг өттү. Анда музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматтан бошотулганы маалымдалды. Министрлик атайын комиссия түзүп, текшерүүгө аларын убадалады. Ал арада көргөзмө убактылуу токтотулуп, териштирүү үчүн комиссия түзүлмөй болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18