24.kg
11:31, 03 декабря 2019, 24.kg

Мыйзамсыз баюу. Дүйшөнбек Зилалиевдин иши кайра башынан каралат

Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюу иши боюнча соттук териштирүү кайрадан башынан башталат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди. 

Айтымында, бул судьянын алмашкандыгына байланыштуу. Буга чейин сотко Алмаз Койлубаев төрагалык кылган. Бирок ал Чүй облустук сотуна которулуп кетти.

«Азыр жаңы судья дайындалды. Процесс кайра башынан башталат. Баардык күбөлөр кайрадан көрсөтмө беришет», — деди жактоочу.

Соттун биринчи отуруму 11-декабрда өтөт. Аны судья Адылбек Эсенбаев жетектейт.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2018-жылдын 8-декабрында мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди камакка алган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18