24.kg
09:54, 03 декабря 2019, 24.kg

Чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүзүм аныкталды

Кыргызстандын аймагына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүзүм аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Ош облусунда кыргызстандык жаран башкарып келе жаткан «Вольво» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Анда жалпы салмагы 9 миң 464 килограммдык жүзүм табылды. Айдоочу ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Кармалган товардын жалпы наркы 664 миң 580 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18