24.kg
09:08, 03 декабря 2019, 24.kg

Тажикстанда 19 жаштагы кыз атасы тарабынан зордукталганын билдирди

Хожентте жергиликтүү жашоочу өз кызын зордуктоого шектелүүдө. «Гулрухсор» аялдар борбору билдиргендей, судмедэкспертиза кыздын зордукталганын тастыктаган.

Маалыматка караганда, 17-сентябрда 19 жаштагы кыз Сырдарыядагы көпүрөдөн секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Аны жолдо өтүп бараткан киши сактап калып, милиция бөлүмүнө жеткирген. Жабырлануучу атасы тарабынан зордукталганын, бул себептен өзүнө кол салганын билдирген.

Кыздын атасы учурда Хоженттеги тергөө абагында. Шектүүнүн адвокаты «Азаттыктын» тажик кызматы менен сүйлөшүүдөн баш тартты.

Жабырлануучу өз атасы тарабынан сентярдын ортосунда зордукталганын, ал 9-класстан бери эле асылып жүргөнүн айткан. Бирок шектүүнүн туугандары кыз ага жалган жалаа жабууда деп эсептешүүдө.

Учурда кыз «Гулрухсор» кризистик борборунда жашоодо.

Борбордун кызматкери Сабохат Бобожонованын айтымында, быйыл аларга 1 миң 400 киши ар түрдүү маселелер менен жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен экөө — сексуалдык зомбулукка кабылган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18