24.kg
17:56, 02 декабря 2019, 24.kg

Декларациялык кампания-2018. Башкы прокурордун орун басарлары канча киреше тапты

Салык кызматы 2018-жыл үчүн декларациялык кампанияны аягына чыгарып, анын жыйынтыгын жарыялай баштады.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дардановдун кирешеси 1 миллион 20 миң 667 сомду, чыгашасы — 278 миң сомду түздү. Анын менчигинде «Мерседес-Бенц 320» унаасы жана 2 миң чарчы метрлик айыл чарбага мүнөздүү болбогон жер аянты бар.

Башкы прокурордун орун басары Жамиля Жаманбаев 584 миң 927 сом иштеп тапкан. Анын 180,1 жана 32,1 чарчы метрлик батирлери, 250 миң сомдук эмеректери, 300 миң сомдук оргтехникасы, 500 миң сомдук фото жана видеотехникасы бар.

Башкы прокурордун дагы бир орун басары Нурлан Дүйшембиев 1 миллион 91 миң 376,52 сом иштеп тапкан. Анын 60, 5 чарчы метрлик батири бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18