24.kg
17:05, 02 декабря 2019, 24.kg

Афтандил Жоробековду колдоо үчүн акция өтөт

Бишкекте «Фейсбуктагы» БеспределKG баракчасынын администратору Афтандил Жоробековду колдоо үчүн акция өтөт. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучулары билдиришти.

«Жактоочулар Афтандилдин иши боюнча аппеляцияга беришти. 3 күн ичинде соттун датасы белгилүү болот. Эгер сиз Афтандилдин иши боюнча айыптоолор адилетсиз деп эсептесеңиз, анда соттун имаратына үнсүз нааразычылык акциясына келиңиздер», — деп жазылат активисттердин маалыматында.

«Адилет» укуктук клиникасынан маалыматты тастыкташты. Афтандилдин баш коргоо чарасы тууралуу чечим даттанылды. Сот ушул жумада өтөт, бирок так датасы азырынча белгисиз.

Социалдык тармакта «Мен/Биз Афтандил Жоробеков» флешмобу уланууда.

Эске салсак, Афтандил Жоробековду УКМК «Аймак аралык касташууну козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган. Ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген айып коюлууда.

Блогердин бир тууган карындашы Чынара Темирова дагы буга чейин агасынын кармалышын сөз эркиндигине басым деп баалап, кайрылуу тараткан болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18