24.kg
16:27, 02 декабря 2019, 24.kg

Айдоочуларга кайсыл учурда айып салынбай турганы айтылды

Жааган кардан көрүнбөй калган чийинден өтүп кеткен айдоочуларга айып салынбайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери Тилек Оторов радиолордун бирине маек берип жатып билдирди.

Айтымында, жол чийиндерин кар басып, айдоочу андан ашып токтогон болсо, анда ал эреже бузуу катары эсептелбейт.

«Автоматтык система каттоого алган күндө да Мониторинг борборундагы кызматкерлер токтомду жокко чыгарат», — дейт ал.

Кошумчалай кетсек, Бишкекте аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан тилкелерде жол кырсыктары 46,9 пайызга азайган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18