24.kg
16:09, 02 декабря 2019, 24.kg

ЖЭБ боюнча сот. Жактоочулар Сапар Исаковду актоону суранышты

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди. Отурумдун жүрүшүндө мурунку премьер-министрдин жактоочулары Сапар Исаковду кылмыштын курамында жок болгондугу үчүн актоону суранышты.

Мындан сырткары алар соттон Сапар Исаков карыган энесин, аялын жана 4 баласын багып жаткан фактыны эске алууну суранышты. 

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Бүткүл дүйнөлүк банк 150 миллион долларга техникалык-экономикалык негиздеме кылган эмес. Ошондой эле, ТВЕА ЖЭБди модернизациялоо үчүн 200 миллион доллар сунуштаган эмес. 

«Иште Бишкек ЖЭБди 200 миллион долларга модернизациялоону сунуштады деген бир дагы далил жок. ТВЕАнын өкүлү Мусажан Макелек былтыр 10-октябрда УКМКнын сурагында мындай сунуш компания тарабынан болгон эмес деген. 2010-жылдын 10-февралында Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жыйынында Бүткүл дүйнөлүк банктын ЖЭБди 150 миллион долларга модернизациялоо сунушу жактырылган, ал эми ТВЕАнын сунушу четке кагылган», — деди жактоочу.

Эске алсак, мамлекеттик айыптоочу мурунку премьер-министр Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратууну суранды. Алардын айтымында, айыпталуучунун күнөөсү иштин материалы жана күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен далилденди. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18