24.kg
14:27, 02 декабря 2019, 24.kg

Молдовановка айылындагы № 1 түзөтүү мекемесинде айыпталуучу муунуп каза болду

Молдовановка айылындагы № 1 түзөтүү мекемесинде айыпталуучу муунуп каза болду. Маалыматты 24.kg агенттигине ЖАМКтан тастыкташты.

Алдын ала маалыматка ылайык, айыпталуучу өз өмүрүнө кол салды.

«Тергөө жүрүүдө, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз», — деп билдиришти ЖАМКтан.

Белгилей кетсек, каза болгон жарандын сөөгү күйүп калган. Мекемеден билдиришкендей, айыпталуучу өз өмүрүнө кол салаардан мурда чылым чеккен.

«Эксперттин айтымында, чылымдын калдыгы отургучка түшүп күйүп кеткен. Жарандын сөөгү бир аз күйгөн», — деп билдиришти мекемеден.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18