24.kg
14:07, 29 ноября 2019, 24.kg

Кыргызстанда алдамчылыкка шектелген аял Якутияда кармалды

Кыргызстандагы банктардын биринин кардарынан 5 миллион сомдон ашуун каражатты алган алдамчыны Якутиядан кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Photo 145913

34 жаштагы кыргызстандык аял мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

2019-жылы Ак-Суу районундагы банктардын биринин филиалында башкы адис болуп иштеген аял 3 жарандын 5,3 миллион сомдон ашуун акчасын алып качып кеткен. Маалыматка караганда, ал каржы мекемесинин кызматкери болуп иштеп турганда 100дөгөн жарандарды алдап кеткени айтылууда. Ысык-Көл ОИИББ 147 кишинин арызын каттоого алган.

Чыгымдын жалпы суммасы 38 миллион сомду түздү.

Изделип жаткан М.А. Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо үчүн камакка алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18