24.kg
11:29, 29 ноября 2019, 24.kg

ЖККУнун жыйынына келген конокторду милиция үшүп-тоңуп тосту

ЖККУнун жыйынына келген конокторду тоскон ички иштер кызматкерлери бир нече саат бою көчөдө тоңуп турушту.  Алардын сүрөтү социалдык тармакка жарыяланды.

Сүрөттө милиция кызматкерлери көчөдө от жагып бутун жана имараттагы темир мешке колдорун жылытып олтурганын байкоого болот. 

Белгилей кетсек, ИИМдин жетекчилиги саммит алдында конокторду тосуу үчүн 4 миң милиция  тартыларын айткан. Алар көчөдө турган кызматкерлер бат-бат алмашытырып, ысык чай жана тамак менен камсыздап турууну убадалашкан. 

27-28-ноябрда Бишкекте Казакстандын президентти Касым-Жоомарт Токаевдин мамлекеттик иш сапары жана Жамааттык келишим коопсуздук уюмунун жыйыны өттү. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18