24.kg
10:32, 29 ноября 2019, 24.kg

Унаасын жана акчасын алган. Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 6-октябрда РИИБга шаардын Д.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 7-Апрель көчөсүндөгү техникалык тейлөө станциясынын кызматкерине карата чара көрүүнү суранган. Айтымында, 7-сентябрда шектүү алдамчылык жолу менен анын ишенимине кирип, «Хонда фит» үлгүсүндөгү унаасын (3 миң 600 долларлык) сырдап берем деп 19 миң сомун алган. Андан кийин станция кызматкери унааны айдап кеткен бойдон дайынын таптырбай жоголгон.

Аталган окуяга шектүү делип 1983-жылы туулган Ю.А. кармалды. Ал мас абалда унаа башкарып жүргөн жеринен колго түшүрүлдү.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18